Чүйдө дайынсыз жоголгон жаран өлтүрүлгөн. Шектүүлөр кармалды

Чүйдө дайынсыз жоголгон жаран өлтүрүлгөн. Шектүүлөр кармалды

Чүйдүн Сокулук районунда дайынсыз жоголгон 33 жаштагы Жанарбек Кенжебек уулу киши колдуу болгону аныкталды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар билдирди.

Буга чейин облустук милиция Жанарбек Кенжебек уулу дайынсыз жоголгонун билдирген. Ал 22-июль күнү саат 09:30да Чат-Көл айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.

Reporter.kg’ге өздүк булактар билдиргендей, Жанарбек Кенжебек уулунун сөөгү айылдагы таштанды ыргыткан жерде желим баштыкка оролгон абалда табылган.

Учурда аталган фактыга байланыштуу «адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары үч адам – ата эки уулу менен кармалган. Шектүүлөр камакка алынган.

Алдын ала маалымат боюнча, Жанарбек Кенжебек уулу соода-сатык менен алектенип, шектүүлөрдүн бири ага акча карыз болгон.

Кийинчерээк милиция окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат берди.

Карызын алганы кеткен. Дайынсыз болгон жарандын өлүмүнүн чоо-жайы

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Чүй

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>