37 жаштагы жарандын сырдуу өлүмү: Маркумдун агасы президентке кайрылды (видео)

37 жаштагы жарандын сырдуу өлүмү: Маркумдун агасы президентке кайрылды (видео)

Бишкекте белгисиз себептерден улам каза болгону айтылган 37 жаштагы Иван Сологубовдун агасы Арсений Сологубов президент Садыр Жапаровго жана коомчулукка кайрылуу жасады.

«Коомчулук менин иним менен 9-августта болгон окуяны көзөмөлүнө алса дейм.

Милиция кызматкерлери менин инимди кармоо учурунда каатал күч колдонуп, органдарын жабыркатып, анын айынан иним каза болду. Милиция кызматкерлеринин иш-аракетинин айынан ата уулсуз, мен инисиз, жубайы жесир, балдары атасыз калды. Урматтуу Садыр Жапаров бул ишти жеке көзөмөлүңүзгө алыңызчы», — дейт ал.

Эскерте кетсек, буга чейин милиция 9-августта Бишкекте эркек киши өз жанын кыюуга аракет кылганын, андан кийин көчө жакка чуркап чыгып, жерге кулап, белгисиз себептерден улам каза болгонун билдирген. Окуя Жибек Жолу менен Манас проспекттеринин кесилишинде болгону айтылган.

Бирок маркумдун агасы Арсений Сологубов милициянын айтканына ишенбей, калыс иликтөө жүргүзүүнү талап кылып, УКМКга кайрылган. Атайын кызмат бул ишти Биринчи май райондук прокуратурасына жөнөткөн.

Натыйжада прокуратура бул факт боюнча милиция кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон. Аларга «ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен айып тагылууда.

37 жаштагы жарандын сырдуу өлүмү: Милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>