Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү — Садыр ЖапаровСаламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы башчысы менен УКМК төрагасынын мурдагы орун басары пара алууга айыпталуудаКыргызстан боюнча 20 миңден ашык видеокөзөмөл камералары орнотулат — ИИМАнкаранын Борбор Азиядагы аскердик-өнөр жай комплекси: учкучсуз учактардан аскердик экосистемаларга чейинЧүй облусу гана эмес, бүтүндөй Кыргызстан өнүгүүдө — Болот ИбрагимовКөргөзмөлөр, улуттук тамак-аштар жана концерт: Бишкекте Чүйдүн 100 жылдык мааракеси белгиленүүдө
Азия оюндары: грек-рим күрөшүндө Асан Жанышов финалга чыкты
30.09.2026 | 12:17

Бүгүн, 30-сентябрда, Азия оюндарында кыргызстандык спортчу Асан Жанышов грек-рим күрөшү боюнча мелдеште финалга чыкты. Балбан 87 килограммга чейинки салмакта күч сынашууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Спортчу мелдешти чейрек финалдан баштап, өзбекстандык Жалгас Бердимуротовду 4:0 эсебинде жеңген. Жарым финалда Казакстандын балбаны Шамиль Ожаев менен күч сынашып, 6:1 эсебинде жеңишке жетти.
Эми финалдык беттеште Асан Жанышов алтын медаль үчүн жапониялык спортчу Тайзо Ёшида менен күрөшөт.
Белгилей кетсек, быйыл Азия оюндары Жапониянын Нагоя шаарында өтүп жатат. Оюндары 4-октябрга чейин уланат.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт
Теги: Азия оюндары