Салык кызматы: товарлардын калдыктарын байкоо жүргүзүү системасына киргизүү 1-октябрда аяктайт

30.09.2026 | 11:22
Салык кызматы: Товарлардын калдыктарын байкоо жүргүзүү системасына киргизүү 1-октябрда аяктайт — Новости Кыргызстана

Мамлекеттик салык кызматы 2026-жылдын 1-октябрында товарлардын калдыктарын товарларга байкоо жүргүзүү системасына киргизүү мөөнөтү аяктарын эскертет. Белгиленген убакытка чейин тиешелүү товарларды саткан салык төлөөчүлөр системага товарлардын калдыктары боюнча маалыматтарды бериши шарт.

Байкоо жүргүзүлүүчү товарларга тиричилик муздаткычтары жана тоңдургучтар, кир жуугуч машиналар, телевизорлор жана мониторлор кирет. Калдыктарды киргизүү эрежеси сатууга багытталбаган негизги каражаттарга колдонулбайт.

Маалыматтарды киргизүү салык төлөөчүнүн cabinet.salyk.kg сайтындагы жеке кабинетинде жайгашкан «ЭЭФ 2.0» модулу аркылуу жүргүзүлөт. Ал үчүн «Кириштөө» бөлүмү тандалып, кампадагы калдыктардын булагы жана товар тууралуу маалыматтар жазылышы зарыл.

Эске салсак, ушул жылдын 1-сентябрынан тарта Евразия экономикалык бирлигинин аймагына ташылган товарлардын айрым категорияларына байкоо жүргүзүү системасы ишке киргизилген. Салык кызматы ишкерлерди маалыматтарды белгиленген мөөнөттө тапшырууга чакырат.

Scroll to Top