УКМК айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактысын аныктады

Министрликтер менен ведомстволордогу коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо иштеринин алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана водительдик курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун Ноокен бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 100гө жакын айдоочулук күбөлүк мыйзамсыз берилгени аныкталды.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кызматкерлер ортомчулар менен сүйлөшүп алып, 40 миңден 150 миң сомго чейинки акчалай сыйлык үчүн өз кызматтык ыйгарым укуктарын пайдаланып, архивдик талаптарга жооп бербеген документтерди санариптештирүү жолу менен «Водительдик курамдын регистри» автоматташтырылган маалыматтык системасына атайылап жалган маалыматтарды киргизишкени такталды. Кийинчерээк киргизилген маалыматтар «Түндүк» маалыматтык системасында чагылдырылып, андан соң кызыкдар жарандар буга чейин чынында эле болбогон документтерди жоготкондугу тууралуу арыздардын негизинде айдоочулук күбөлүктөрдү алышкан.
Мындан тышкары, теориялык экзамендерден бир нече жолу ийгиликсиз өтүүгө аракет кылган, ошондой эле автомектепти бүтүргөндүгү тууралуу аттестаты жок адамдарга да айдоочулук күбөлүктөр берилгени аныкталды.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында Ноокен бөлүмүнүн кызматкери А.У.Н. жана ортомчу катары кызмат кылган А.С.С. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына (СИЗО) киргизилди.
Учурда кылмыштуу схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча бир катар ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.