29-июлда Чүй дарыясы аркылуу Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган казак жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган 42 жаштагы адам, чек ара кызматынын кезметчилери тарабынан кармалып, УКМКга өткөрүлүп берилген.