Өз өлкөсүнүн БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчөлүгү карапайым жаранга эмне берет?

Мамлекеттин БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайланышы көбүнчө дипломаттардын гана элитардык жеңиши катары кабыл алынат жана ал карапайым адамдардын күнүмдүк түйшүктөрүнөн өтө алыс сезилет. Карапайым жаран жаңы глобалдык кризис келип чыкканга чейин өз өлкөсүнүн мыйзам ченемдүү макамын жылдап байкабай жүрө бериши мүмкүн. Бирок бул геосаясий «премьер-лигага» кирүү коомго көмүскө, бирок өтө маанилүү артыкчылыктарды берет — бул чоң согуштардан коргонуудан баштап, ички көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшүүчү эл аралык кадыр-баркты чыңдоого чейинки маселелер.
Постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен БУУнун Коопсуздук Кеңешинин (БУУ КК) туруктуу эмес мүчөлөрү болуп Украина (2000–2001 жана 2016–2017), Азербайжан (2012–2013), Литва (2014–2015), Казакстан (2017–2018), Эстония (2020–2021) жана Латвия (2026–2027) шайланган. Салыштыруу үчүн айтсак, быйыл, мисалы, Германия добуш берүүнүн биринчи раундунда эле Австрияга жол бошотуп, тизмеден чыгып калды.
Бул жөнөкөй адамга эмне берет деген суроо көп берилет. Өлкөнүн БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчөлүгү — бул биринчи кезекте жөнөкөй адамдын эмес, мамлекеттин гана укугу (прерогативасы). Бирок катардагы адам үчүн да мунун бир нече натыйжасы бар. Алардын негизгилери төмөнкүлөр:
- Имиждик артыкчылык: БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө өлкөнүн жарандары дүйнөдө «абройлуу өлкөлөрдүн биринин» жарандары катары кабыл алынат. Бул өлкөгө болгон сый-урматты жаратат, бирок эгер жаран өзү жоопкерчиликсиз жүрсө, анда ага болгон мамиле да ошого жараша болот. Бирок бул бүтүндөй өлкөгө тиешелүү эмес.
- Күн тартибине таасир этүү: БУУ Коопсуздук Кеңешинин чечимдери (согуш жана тынчтык, санкциялар) мунайдын/газдын баасына, миграцияга жана коңшу аймактардагы чыр-чатактарга түздөн-түз таасир этет. Бул элди чоң согуштун кесепеттеринен же дефолттон сактап калышы мүмкүн. Бирок мындай пайда карапайым адамга дароо байкала бербейт.
БУУнун Коопсуздук Кеңеши — футболдогу премьер-лига сыяктуу. Ага бардык эле командалар кире албайт, бирок күйөрман андан жакшы маанай алат, ал эми күйөрман эмес башка адамдарга кимдин кантип ойногону баары бир. Бирок мындан улам футбол өз өнүгүүсүн токтотпойт жана алдыга жыла берет, анткени бул команда, клуб жана өлкө үчүн маанилүү. Түшүнүү керек, карапайым адам — ал америкалыкпы, австриялыкпы же башкабы — өз өлкөсүнүн мүчөлүгүнөн түз эч нерсе албайт. Ал кризис келип чыкканга чейин өз өлкөсү БУУнун Коопсуздук Кеңешине киреби же жокпу, байкабай да калышы мүмкүн.
БУУнун Коопсуздук Кеңеши — бул геосаясаттын элитардык куралы. Бул куралды өздөштүргөн өлкө эл аралык аренада өзүнүн аброюн жогорулатат. Бул аброй, чыныгы жашоодогудай эле, өлкө туш болгон көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет. Мына ушунун өзү катардагы жаранга пайда алып келет. Бул күйөрмандардын өзүнүн сүйүктүү командасынын кооз оюнунан алган сыймыктануу сезимине окшош.
Атайын Reporter.kg үчүн Шерадил Бактыгулов, саясат таануучу, мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт