Шакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйтУнаанын номерин кайра тариздөө кызматы эми «Түндүк» тиркемесинде жеткиликтүүЖККУ Ирандагы кырдаалга байланыштуу Борбор Азиядагы энергетикалык объектилерди коргоону күчөтүүгө чакырдыЧүй облустук театры Талас шаарына гастроль менен барат17-октябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуСадыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштады
Ошто 55 га жерди жеке менчикке мыйзамсыз чыгарган. Кадастрдын кызматкери кармалды
24.11.2025 | 12:12

Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча агенттиктин Оштогу филиалынын башчысынын орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында, аталган орун басар Ш.К.С. аянты 55,36 гектар болгон жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүп, жеке менчикке мыйзамсыз чыгарганы аныкталган.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, 20-ноябрда Ош шаардык соту Ш.К.С.ны УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган. Учурда бул иш боюнча зарыл болгон тергөө амалдары жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар