Бишкекте автобус айдоочусу мас абалында 6 унааны сүзүп, адамдар жабыркады

16.10.2026 | 11:23
Автобустун айдоочусу мас абалында 6 унааны сүзүп, адамдар жабыркады — Новости Кыргызстана

15-октябрдын кечинде Бишкек шаарынын Чүй проспектиси менен Лермонтов көчөсүнүн кесилишинде автобус жана унаалардын катышуусунда жол кырсыгы болду. Кайгуул милициясынын маалыматында, саат 20:40 чамасында №38 Zongtong үлгүсүндөгү автобус батышты көздөй бара жатып, жол чыракта токтоп турган алты унаа менен кагышкан.

Кырсыктан төрт адам жабыркаган. Алардын экөө баш мээси чайкалган деген диагноз менен Улуттук госпиталга кайрылып, медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Дагы эки жаран моюнунан жана көкүрөк тушунан жаракат алып, Чүй облустук ооруканасына жеткирилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, коомдук транспорттун айдоочусу спирт ичимдигин ичкен абалда болгон.

Учурда бардык зарыл материалдар топтолуп, окуянын так себептерин аныктоо үчүн укук коргоо органдары тарабынан текшерүү жүргүзүлүүдө.

Scroll to Top