Дрондор, айып упайлары жана жаңы чектөөлөр — ИИМ эмнелерди сунуштоодо?

Кыргызстанда жол эрежесин бузгандарга айып упайларын (балл) киргизүү, дрондордун жардамы менен көзөмөлдү күчөтүү, ижарага берилүүчү электросамокаттардан баш тартуу жана мектептердин жанында ылдамдыкты саатына 30 чакырымга чейин чектөө сунушталууда. ИИМ тарабынан иштелип чыккан 2027–2030-жылдарга жол кыймылынын коопсуздугу тармагындагы программасынын долбоорунун негизги жоболору — Reporter.kg материалында.
Министрлер кабинетинин токтом долбоору жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы коомдук талкууга коюлду.
Айып упайлары жана айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу
Негизги сунуштардын бири — 2028-жылдын аягына чейин жол эрежелерин бузууларды эсепке алуунун баллдык системасын киргизүү. Ар бир эреже бузуу үчүн айдоочуга айып упайларын чегерүү пландалууда.
Белгиленген сандагы упайлар топтолгон учурда транспорт каражатын башкаруу укугунан (күбөлүктөн) ажыратуу жана жол эрежелери боюнча кайра экзамен тапшыруу каралган.
Ошол эле учурда, айдоочу күбөлүгүнөн ажырай турган упайлардын так саны долбоордо көрсөтүлгөн эмес.
Дрондор, камералар жана орточо ылдамдыкты көзөмөлдөө
ИИМ жол эрежесин бузууларды аныктоо жана каттоого алуу үчүн учкучсуз учуучу аппараттарды (дрондорду) колдонууну сунуштайт. Аларды колдонуу тартибин 2027-жылдын аягына чейин иштеп чыгуу, ал эми тиешелүү технологияларды 2028-жылдын аягына чейин киргизүү пландалууда.
2027–2030-жылдары кооптуу жол тилкелеринде, окуу жайларынын жанында жана эл көп чогулган жерлерде автоматтык түрдө фото жана видеого тартуучу камералардын тармагын кеңейтүү каралган.
Мындан тышкары, 2029-жылдын аягына чейин Бишкек — Ысык-Көл унаа жолунда пилоттук режимде автоунаалардын орточо ылдамдыгын көзөмөлдөө системасын киргизүү сунушталууда.
Бул жолдун белгилүү бир тилкесинде — бир көзөмөл пунктунан экинчисине чейинки аралыкта транспорт каражатынын орточо ылдамдыгын аныктоого мүмкүндүк берет.
Ошондой эле эреже бузуулар боюнча материалдарды санариптик форматта тариздөө үчүн электрондук протоколдор системасын толук ишке киргизүү пландалууда.
Скутерлер жана электросамокаттар үчүн эмнелер сунушталууда?
Программанын өзүнчө бир бөлүгү велосипедчилердин, скутерлердин, мопеддердин айдоочуларынын жана жеке мобилдүүлүк каражаттарын колдонгондордун коопсуздугуна арналган.
Атап айтканда, велосипед, скутер, мопед жана башка жеке мобилдүүлүк каражаттарынын айдоочулары менен жүргүнчүлөрүнө коргоочу туулга (шлем) кийүүнү милдеттендирүү сунушталууда.
Дагы бир чара — ижарага берилүүчү (прокаттагы) электросамокаттарды этап-этабы менен пайдалануудан чыгарып, кийин аларды велосипеддерге алмаштыруу.
Бул жерде сөз бардык электросамокаттарга толук тыюу салуу жөнүндө эмес, дал ошол прокаттагы самокаттар тууралуу болуп жатат.
Бишкек жана Ош шаарларында велосипеддер жана жеке мобилдүүлүк каражаттары үчүн атайын тилкелерди жана каттамдарды өнүктүрүү пландалууда.
Алар үчүн жүрүүчү бөлүктүн четинен өзүнчө тилкелерди бөлүп берүү, ошондой эле жөө жүргүнчүлөрдүн, велосипедчилердин, жеке мобилдүүлүк каражаттарын колдонгондордун жана автоунаалардын кыймылын ажыратуу (бөлүү) мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталууда.
Мектептердин жанында ылдамдыкты чектөө
Долбоордо мектептердин жанында унаалардын кыймылынын ылдамдыгын саатына 30 чакырымга чейин чектөө каралган.
Бул үчүн тиешелүү жол белгилерин орнотуу, ал эми мектеп зоналарын жол чийиндери, тротуарлар, светофорлор жана башка коопсуздук каражаттары менен жабдуу пландалууда.
Мындан тышкары, мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин жанында транспорттун ылдамдыгын мажбурлап азайтуу үчүн жасалма дөңсөөлөрдү орнотуу сунушталууда.
Айдоочулардын мас абалын текшерүү
ИИМ жол милициясынын кызматкерлерин жыйынтыгын кагазга басып чыгарууга жана электрондук түрдө каттоого мүмкүнчүлүгү бар алкотестерлер менен камсыздоону сунуштайт.
Ошондой эле баңги жана психотроптук заттарды, анын ичинде шилекей аркылуу алдын ала аныктоочу тест-системаларды колдонуу каралган.
Текшерүүнүн оң натыйжасында, айдоочу ага макул болбогондо, текшерүүдөн баш тартканда же мас абалынын белгилери байкалганда айдоочуларды медициналык кароого жөнөтүү тартибин ИИМ менен Саламаттыкты сактоо министрлиги бекитиши керек болот.
Айдоочуларды даярдоодогу өзгөрүүлөр
Программада айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн теориялык жана практикалык сынактарды жакшыртуу каралган.
Окутуу программасына алкоголдун, баңгизаттардын, психотроптук заттардын, дары-дармектердин жана чарчоонун унаа башкаруу жөндөмүнө тийгизген таасири тууралуу суроолорду киргизүү пландалууда.
Ошондой эле жол кырсыгында жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү боюнча милдеттүү практикалык окутууну киргизүү сунушталат.
Токтотмолор (парковкалар) жана жол инфратүзүмү
Бишкек жана Ош шаарларында токтотмо маселелерин чечүү боюнча комплекстүү чараларды иштеп чыгуу пландалууда.
Атап айтканда, шаарларга кире бериш жерлерге токтотуп калуучу унаа токтотмолорун куруу, көп кабаттуу үйлөрдү курууда токтотуучу жайларды эске алуу жана кесилиштердеги кыймылды уюштурууну өркүндөтүү сунушталууда.
Кырсыктарды азайтуу максатында чакан айланма жолдорду куруу жана айрым кесилиштерде солго бурулууга тыюу салуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу да каралган.
Кырдаал сандар менен
Негиздеме-маалымкатка ылайык, 2025-жылы Кыргызстанда 8 миң 456 жол-транспорт кырсыгы катталып, анда 900 адам каза болгон жана 12 169 адам жаракат алган.
2024-жылга салыштырмалуу жол кырсыктарынын саны 18,8%га, каза болгондордун саны 21,1%га, ал эми жабыркагандардын саны 15,9%га өскөн.
ИИМ кырсыктардын негизги себептеринин катарына ылдамдыкты ашыруу, каршы тилкеге чыгуу, маневр жасоо эрежелерин бузуу, мас абалында рулга отуруу жана жол белгилеринин талаптарын сактабоо кирерин белгилейт.
Жаңы программа 2027–2030-жылдарга эсептелген. Эгерде ал бекитилсе, учурдагы 2023–2027-жылдарга карата Жол кыймылынын коопсуздугунун улуттук стратегиясы күчүн жоготту деп табылат.
Сунушталган чаралар азырынча күчүнө кире элек. Алардын ишке ашышы программанын бекитилишине жана тиешелүү ченемдик укуктук чечимдердин кабыл алынышына жараша болот.
Анара Мамытова