Садыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштады

16.10.2026 | 16:41
Садыр Жапаров на саммите COP17 предложил создать трастовый фонд для защиты Иссык-Куля — Новости Кыргызстана

Кыргызстан Ысык-Көлдү коргоо максатында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) колдоосу астында атайын трасттык фонд түзүү ишин баштады. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ереван шаарында өткөн COP17 Лидерлер саммитинде билдирди.

Садыр Жапаров өз сөзүндө фондго баштапкы төгүм катары өлкө бюджетинен 10 миллион АКШ долларын бөлүүгө даяр экенин билдирип, эл аралык каржы институттарын жана донор мамлекеттерди бул демилгени колдоого чакырды.

Президенттин маалыматы боюнча, акыркы 170 жыл ичинде Ысык-Көлдүн суусу дээрлик 14 метрге, ал эми соңку беш жылда жылына 7 сантиметрден төмөндөгөн. Көлдү сактоо багытында соңку төрт жылда суу түбүнөн 70 тоннага жакын таштанды жана 580 миң метр тор тазаланган.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров самитте климаттык көйгөйлөрдү чечүү үчүн бир катар демилгелерди сунуштады:

  • Глобалдык экологиялык фонддун түзүмүндө тоо программасын түзүү;
  • Бишкекте тоолуу аймактардын туруктуулугу боюнча глобалдык борбор ачуу;
  • карызды жаратылышты коргоо милдеттенмелерине алмаштыруу механизмин (Debt-for-nature swaps) киргизүү;
  • жаныбарларды жана канаттууларды коргоо боюнча аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү.

Ошондой эле өлкө башчы саммиттин катышуучуларын 2027-жылдын 21–23-октябрында Бишкек шаарында өтө турган «Бишкек+25» экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.

Белгилей кетсек, БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагындагы Лидерлер саммити ушул тапта Армениянын борбору Ереванда өтүп жатат. Ага бир катар мамлекеттердин башчылары, окумуштуулар, эл аралык экологиялык уюмдардын жетекчилери, эксперттер жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү да катышууда.

Теги: саммит
Scroll to Top