7-июль: Кыргызстанда абанын температурасы +34°Сге чейин көтөрүлөт, Ысык-Көлдө кыска мөөнөттүү жаан жаайт
Бүгүн, 7-июлда, Ысык-Көл облусунда жана Чүй облусунун тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Өлкөнүн калган аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзөт. Бул тууралуу «Кыргызгидромет» билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык:
- Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21°С, күндүз +31…+36°С;
- Талас облусунда түнкүсүн +13…+18°С, күндүз +27…+32°С;
- Ош облусунда түнкүсүн +18…+23°С, күндүз +31…+36°С;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +18…+23°С, күндүз +31…+36°С;
- Баткен облусунда түнкүсүн +18…+23°С, күндүз +31…+36°С;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16°С, күндүз +22…+27°С;
- Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13°С, күндүз +23…+28°С.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзөт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20°С, күндүз +32…+34°С болот.
Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзөт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14°С, күндүз +22…+24°С болот.