Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев менен болгон талаштан кийин кечирим сурадыБишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстү
Бишкектин тургундары курулуш компаниянын кордугуна кабылдык деп кайрылуу жасашты – ВИДЕО
16.04.2021 | 21:27
Бишкектин Тимирзяев көчөсүндө жайгашкан “Ангелочка” бала бакчасы жана жеке турак жайлардын ээлери ал жерде жаңы салынып жаткан көп кабаттуу курулуш алардын үйлөрүнө коркунуч жаратып жаткандыгын айтып чыгышты.
Аталган бала бакчанын ээси Назира Калыкова жана ал жердеги жеке үйлөрдүн ээлери курулуш компания мыйзамдарды бузуп жатканына карабай ага чара көрүлбөй жатат деп кыргыз бийлигине кайрылуу жасашты.
“Сот курулушту токтотуу чечимин чыгарган. Бирок курулуш компаниясы бүгүнкү күнгө чейин соттун чечимин аткарбай, ишин улантууда”, – дейт Калыкова.
https://youtu.be/QLgK3m4wrGM
Рубрики: Жаңылыктар, Коом