Бишкекте сүрөтчү Жыргал Матураимовдун жеке көргөзмөсү ачылатТогузунчу талапкер: Амур Айба Медер президенттик шайлоого катышууга арыз берди«Яндекс Go» компаниясынын «Элдик гид» сынагына эмгектерди кабыл алуу 30-ноябрга чейин узартылдыЧолпон-Ата шаарында жаштар борбору ачылдыБишкекте өтө турган Азия кубогунун тандоо оюндарына Кыргызстандын U-17 курамы аныкталдыОш электр тармактары ишканасынын кампа башчысы электр зымдарын сатууга шектелүүдө
Бишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулат
22.10.2026 | 18:13

Эртең, 23-октябрда, саат 10:00дөн 22:00гө чейин Бишкек шаарынын бир бөлүгүндө ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Чектөө турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, медициналык мекемелерге жана башка социалдык-өнөр жай объектилерине тиешелүү. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.
Суу төмөнкү көчөлөр менен чектешкен аймакта токтотулат: Айни көчөсү — Жунусалиев көчөсү — Гагарин көчөсү — Абдраимов көчөсү — Жунусалиев көчөсү — Чыңгыз Айтматов проспектиси.

Өчүрүү диаметри 400 мм болгон суу өткөргүч түтүктү оңдоо иштерине байланыштуу жүргүзүлүүдө. «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы тургундар менен мекемелерди ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом