КРда акчаны адалдоо үчүн 1 миллион сом айып салуу жана фирмаларды жабуу сунушталууда

20.10.2026 | 16:35
КРда акчаны адалдоо үчүн 1 миллион сом айып салуу жана фирмаларды жабуу сунушталууда — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана кылмыштуу ишмердүүлүктү каржылоого карата жазаны бир кыйла күчөтүү сунушталууда. Эреже бузгандарга ири өлчөмдөгү айып пулдар, лицензияларынан ажыратуу, ишин убактылуу токтотуу жана компанияларды жоюу (ликвидациялоо) чаралары каралууда. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Долбоорду иштеп чыккандардын пикиринде, бул түзөтүүлөр мыйзамдардагы боштуктарды (мүчүлүштүктөрдү) жоюуга, финансылык операциялардын ачык-айкындуулугун камсыздоого жана мыйзамсыз акча агымдарына каршы күрөштү күчөтүүгө жардам берет.

Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, колдонуудагы айып пулдар компанияларды мыйзам бузуулардан оолак кармоо үчүн өтө төмөн болуп саналат. Мындан тышкары, мыйзам каржы уюмдарынын жетекчилерин жана ички көзөмөлгө жооптуу башка кызмат адамдарын толук жоопкерчиликке тартууга мүмкүндүк бербейт.

Натыйжада, жазаны негизинен компаниялар өздөрү тартып, ал эми чечимдерди кабыл алган жетекчилер менен кызматкерлер жеке жоопкерчиликтен кутулуп кетиши мүмкүн.

Дагы бир көйгөй — колдонуудагы мыйзамдарда каржылык мыйзам бузуулардын түрлөрү так чектелген эмес.

«Бул мыйзам бузуулардын мүнөзүн жана оордугун эске алуу менен жаза колдонууну татаалдаштырат. Ошол эле учурда айрым көзөмөлдөөчү органдардын мыйзам бузуучуларды жоопкерчиликке тартуу үчүн тийиштүү ыйгарым укуктары жок», — деп айтылат маалымкатта.

Мыйзам долбоорунун авторлору колдонуудагы ченемдер Акчаны адалдоого каршы күрөшүү боюнча финансылык чараларды иштеп чыгуу тобунун (ФАТФ) эл аралык стандарттарына толук жооп бербей турганын белгилешет.

Негизги өзгөртүүлөрдүн бири — акыркы 12 айдагы түшкөн кирешесине жараша компанияларды үч категорияга бөлүү:

  • 8 миллион сомго чейин (кошо эсептегенде);
  • 8 миллион 1 сомдон 50 миллион сомго чейин (кошо эсептегенде);
  • 50 миллион сомдон жогору.

Айып пулдун өлчөмү компаниянын кирешесине жана мыйзам бузуунун оордугуна жараша болот. Жылдык кирешеси боюнча маалыматы жок жаңы компаниялар биринчи категорияга киргизилет.

Иштеп чыгуучулардын айтымында, бул бизнестин масштабын эске алууга жана жаза дайындоодо коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга мүмкүндүк берет.

Ошол эле учурда, бир эле мыйзам бузуу үчүн компанияны да, күнөөлүү жетекчини же кызматкерди да жоопкерчиликке тартууга болот. Уюмга жаза колдонулушу кызмат адамын жоопкерчиликтен бошотпойт жана тескерисинче.

Эмне үчүн айып салынат?

Мыйзам долбоору төмөнкүлөр үчүн жоопкерчиликти карайт:

• ички көзөмөлгө жооптуу кызматкердин жоктугу жана аны уюштуруу эрежелерин бузуу;
• кардарларды, анын ичинде алардын өздүгүн жана компаниялардын түпкү ээлерин талаптагыдай текшербөө;
• жашыруун (анонимдүү) эсептерди же ойдон чыгарылган ысымдарга эсептерди ачуу;
• шектүү финансылык операциялар тууралуу өз убагында кабарлабоо;
• санкциялык тизмелерге киргизилген жактардын каражаттарын бөгөттөө (тоңдуруу) эрежелерин бузуу;
• тиешелүү лицензиясы же каттоосу жок акча которууларды жүргүзүү;
• жөнөтүүчү жана алуучу жөнүндө милдеттүү маалыматтары жок акча жана виртуалдык активдерди которуу;
• компаниялардын бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматты жашыруу;
• финансылык чалгындоо органына маалымат берилгендиги тууралуу кардарларга ачыкка чыгаруу.

Алсак, жашыруун эсептерди ачкандыгы үчүн кызмат адамдарына 50 миң сом, ал эми компанияларга кирешесине жараша 80 миңден 160 миң сомго чейин айып салынат.

Санкциялык тизмедеги адамдардын каражаттарын тоңдуруу эрежелерин бузгандыгы үчүн юридикалык жактарга 100 миңден 300 миң сомго чейин айып төлөөгө туура келет. Бир жыл ичинде кайталап бузулса, сумма 500 миң сомго чейин көбөйөт. Мындан тышкары, компаниянын ишин убактылуу токтотуп же лицензиясын кайтарып алышы мүмкүн.

Компанияларды жоюу (ликвидациялоо)

Кылмыштуу кирешелерди адалдоого же кылмыштуу ишмердүүлүктү каржылоого түздөн-түз катышкан компаниялар үчүн эң катаал жазалар каралган.

Эгерде компания кылмыштуу жол менен алынганы алдын ала белгилүү болгон каражаттар менен операцияларды жүргүзсө жана бул аракеттерде кылмыштын белгилери жок болсо, ага 1 миллион сом өлчөмүндө айып салуу сунушталууда. Мыйзам бузууда пайдаланылган мүлк убактылуу алынып, ал эми компаниянын иши бир жылга чейинки мөөнөткө токтотулушу мүмкүн.

Террордук же экстремисттик ишмердүүлүктү, уюшкан кылмыштуу топторду же массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтууну каржылоого катышкандыгы үчүн компанияга 1 миллион сом айып салуу жана аны жоюу сунушталууда.

Ушундай эле жаза бир жыл ичинде кылмыштуу кирешелерди адалдоого кайрадан катышканда же жарандардын, коомдун же мамлекеттин кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирилген учурда колдонулат.

Ошондой эле мындай чараларды «банк-кабыкчалар» (банк-оболочка) деп аталгандарды түзүү же алардын ишин улантуу үчүн да колдонуу сунушталууда.

Эң катаал чараларды көрүү жөнүндө чечимди сот кабыл алат.

Компаниялардын ээлерине көзөмөлдү күчөтүү

Түзөтүүлөр ошондой эле бенефициардык ээлер — компанияга иш жүзүндө ээлик кылган же анын ишин көзөмөлдөгөн адамдар жөнүндө маалыматты ачыктоого да тиешелүү.

Мындай маалыматты өз убагында бербегендиги үчүн юридикалык жактарга 40 миңден 70 миң сомго чейин айып пул салынат. Эгерде компания өзүнүн чыныгы ээлерин аныктабаса, алар тууралуу маалыматты сактабаса же жаңылабаса, сумма 50 миңден 150 миң сомго чейин жетет.

Бенефициарлар жөнүндө атайылап жалган маалымат бергендик үчүн өндүрүү 300 миң сомго чейин жетиши мүмкүн.

Мындан тышкары, көзөмөлдөөчү органдардын, анын ичинде финансылык чалгындоо органынын, Улуттук банктын, юстиция органдарынын жана башка ыйгарым укуктуу түзүмдөрдүн укуктарын кеңейтүү сунушталууда.

Кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүүгө катышкан мамлекеттик органдардын катарына кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоочу ведомствону да кошуу каралууда.

Анара Мамытова

Scroll to Top