Окуучулардын массалык мушташы. Милиция түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Окуучулардын массалык мушташы. Милиция түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Баткенде мектеп окуучулары арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Белгилей кетсек, 15-апрелде Баткен районунун Кара-Бак айылындагы Бото Нарматов атындагы орто мектебинде 8-класстын окуучулары арасында массалык мушташ чыккан.

Бул окуя 266-берене («ээнбаштык») менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

«16-апрелде аталган орто мектепте жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге Баткен РИИБнүн жетекчилиги ата-энелерге кылмыштуулуктун алдын алуу, жогорудай көрүнүштөргө мындан ары жол бербөө максатында түшүндүрүү иштерин өткөрүп, окуяны толук кандуу текшерүү иштерин баштады», — деп айтылатмаалыматта.

14-апрель күнү жогоруда аты аталган Бото Нарматов орто мектебинде мектеп окуучуларына зордук-зомбулуктун алдын алуу, ушул айылдын көйгөйү болуп келген уруу-урууга бөлүнүүнү болтурбоо максатында жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүлөрү жыйналыштарды өткөрүп, протоколдорун түзгөн.

Мектеп окуучуларынын арасында топтошуп мушташканга жол берген милиция кызматкерлерине ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүрүп жатат, текшерүүнүн жыйынтыгы менен тиешелүү чаралар колдонулат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>