Бишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралууда

Президенттин атайын тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Торобаев Бишкекте асма монорельстүү метро куруу мүмкүнчүлүгүн изилдөөнү сунуштады. Бул тууралуу ал Кытайдын Сиань шаарындагы BYD ишканасына баргандан кийин Facebook баракчасына жазды. Ал BYD адистерин Бишкекке келип, негизги жолдорду көрүп, илимий талдоо жана экономикалык экспертиза жүргүзүүгө чакырды.
Торобаевдин айтымында, Сиань шаарынын транспорттук инфраструктурасы менен таанышкандан кийин делегациянын мүчөлөрү Бишкектеги транспорттук көйгөйлөрдү чечүү үчүн жаңыча ойлонуп, келечектүү технологияларды азыртан изилдей баштоо керек деген жыйынтыкка келишкен.
Анын пикиринде, асма метро жол тыгындарын азайтууга жана жүргүнчүлөрдү тез жана ыңгайлуу ташууга жардам берет. Ал автоунаа жолдорунун үстүндө өзүнчө жол менен жүрөт, экологиялык жактан таза, көп сандагы жүргүнчүлөрдү ташууга ылайыктуу жана жолдогу унаалардын кыймылына көз каранды эмес.

«Максат — жөн гана жаңы транспорттук линия куруу эмес, Бишкекти жашоого ыңгайлуу шаарга айландыруу. Шаардын өнүгүүсү имараттардын бийиктиги менен эмес, адамдардын канча убактысын үнөмдөп, жашоосун канчалык жеңилдеткени менен өлчөнөт», — деп жазды ал.
Торобаев келечекке багытталган акылдуу чечимдер керек экенин белгилеп, келечектүү долбоорлорду изилдөөгө жана ишке ашырууга даярдыкты бүгүнтөн баштоо зарылдыгын кошумчалады.