Улуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салды

22.10.2026 | 18:03
Нацбанк оштрафовал две платежные организации на 6,2 млн сомов — Новости Кыргызстана

Улуттук банктын Көзөмөл комитети кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн эки төлөм уюмуна (төлөм системаларынын операторлоруна) айып пул салды.

Биринчи уюмга 5 381 247 сом айып пул салынды. Бузуу эл аралык электрондук акча которууларды жүргүзүүдө кардарды талаптагыдай текшерүү тартибине байланыштуу.

Экинчи уюмга ишкердик мамилелерди түзүүдө жана эл аралык электрондук акча которууларды жүргүзүүдө кардарды талаптагыдай текшерүү тартибин бузгандыгы үчүн 804 130 сом айып пул салынды.

Маалыматта уюмдардын аталыштары көрсөтүлгөн эмес.

Теги: Нацбанк
Scroll to Top