Кыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылды

22.10.2026 | 17:52
Кыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылды — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын ар кайсы аймактарындагы 25 мектепке «Starlink» жогорку ылдамдыктагы спутниктик интернетинин терминалдары берилди. Жабдууларды Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов тапшырды. Бул тууралуу Минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат ылайык, терминалдар компания тарабынан акысыз негизде бөлүнүп берилген. Демилгенин максаты алыскы жана жетүүгө кыйын аймактардагы билим берүү мекемелерин байланыш менен камсыздоо болуп саналат.

Кыргызстанда спутниктик интернетти киргизүү боюнча пилоттук долбоор 2025-жылы башталып, анын жыйынтыгында бул технологияны туруктуу колдонууга уруксат берген ченемдик-укуктук актылар кабыл алынган.

Улан Маматканов өз сөзүндө санариптик теңсиздикти жоюу мамлекеттин негизги милдеттеринин бири экенин белгилеген.

«Биздин максат – шаардабы же алыскы айылдабы жашаганына карабастан, ар бир окуучу заманбап билим берүү ресурстарын пайдалана ала турган шарттарды түзүү. Бүгүнкү күндө интернетке жеткиликтүүлүк – бул билимге, жаңы технологияларга жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнө жеткиликтүүлүк. Ошондуктан биз өлкөнүн бардык аймактарында санариптик инфраструктураны кеңейтүү боюнча ырааттуу иш алып барып жатабыз», – деген ал.

Министрлер кабинети байланыш кызматы жеткиликсиз болгон социалдык жана медициналык объектилерди интернетке туташтыруу иштерин улантарын кошумчалады.

Scroll to Top