4-мартка карата аба ырайыКыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдө
Бишкек: Эс алуучу жайлардан 30 жаштагы жаран бирөөнү бычактап кетти
17.12.2021 | 18:32
Бишкекте бирөөнү бычактап кеткен кылмышка шектүү кармалды. Бул туурасында Бишкек шаардык милициядан билиришти.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын июнь айында Бөкөнбаев көчөсүндө белгисиз жарандар жабырлануучуну бычактап, качып кетип калганы боюнча Свердлов райондук милициясына билдирүү саат 00:45 чамасында түшкөн.
Бул факты каттоого алынып териштирүү иштери башталган. Эс алуучу жайлардын биринде жабырлануучу Н.Э. менен шектүү уруша кетип, ал бычак менен ичке сайган. Жабырлануучу ооруканага жаткырылганы аныкталган.
Натыйжасында 30 жаштагы кылымышка шектүү А.Г. кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом