Энергетика тармагындагы ишканалар кыскарат (ТИЗМЕ)

Энергетика тармагындагы ишканалар кыскарат (ТИЗМЕ)

Энергетика министрлиги энергетикалык компаниялардын санын эки эсе кыскартат. Тактап айтканда, 14 ишкана 7ге чейин кыскарат. Бул туурасында маалымат Энергетика министрлигинин фейсбуктагы расмий баракчасына жарыяланды.

Андагы маалыматка караганда, Кыргызстандын энергетика тармагында 14 ишкана бар. Энергетика министрлиги «Улуттук энергохолдинг компаниясы» ААКнын 100% мамлекеттик акциялар пакетинин ээси болуп саналат. Ал, өз кезегинде, төмөнкү жактардын акцияларына ээ:

— «Кыргыз энергетикалык эсептешүү борбору» ААК — 100%

— «Чакан ГЭС» ААК — 100%

— «Бишкек жылуулук тармагы» ААК — 80,49%

— «Чыгыш электр» ААК — 80,49%

— «Жалалабатэлектр» ААК — 80,49%

— «Кыргызстан улуттук электр тармагы » ААК — 80,49%

— «Ошэлектр» ААК — 80,49%

— «Түндүк электр» ААК — 80,49%

— «Электр станциялары» ААК — 80,49%.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду төрт энергетикалык компаниянын мамлекеттик пакетине ээ:

— «Кара-Көл ГЭС» ААК

— «Найман ГЭС» ААК

— ААК «Нарынгидроэнергострой»

— «Нарынспецгидроэнергомонтаж» ААК.

Кыскартуу менен эмне табат?

Энергетика министрлиги окшош функцияларды аткарган ишканаларды бириктирүү аркылуу энергетика тармагын реформалоодо. Реформанын негизги максаттары болуп чыгымдарды оптималдаштыруу, жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды ишке киргизүү жана энергетикалык коопсуздукту чыңдоо саналат.

Төмөнкү компаниялар бириктирилет:

— «Электр станциялары» ААК жана «Бишкек жылуулук тармагы» ААКсы.

— “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК жана төрт бөлүштүрүүчү компания: “Түндүк электр” ААК, “Чыгыш электр” ААК, “Ошэлектр” ААК жана “Жалалабатэлектр” ААК.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК менен бөлүштүрүүчү компаниялардын биригүүсү эки этапта болот. Алгач “Түндүк электр”, “Чыгыш электр”, “Ошэлектр” жана “Жалалабатэлектр” биригип, андан кийин Кыргызстан УЭС менен биригет.

Инфографика 3

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги энергетикалык компаниялардын санын эки эсе кыскартат — 14төн 7ге чейин.

Реформа төмөнкүдөй натыйжаларды берет:

— башкаруу персоналынын ишин оптималдаштыруу

— техникалык персоналдын ыкчам өз ара аракеттенүүсүн жогорулатуу

— аймактык электр тармактарын өнүктүрүү

— санариптештирүүнү өнүктүрүү (AMR жана биллинг системасы)

— энергетикалык компаниялардын ортосунда ресурстарды рационалдуу кайра бөлүштүрүү

— Жылуулук менен электр энергиясынын ортосундагы кайчылаш субсидиялоону кыскартуу

— Сатып алуу иш-чараларын борборлоштуруунун эсебинен чыгымдардын кыскартуу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>