Кыргызстан Евробиримдиктин мүмкүн болгон санкцияларын сотто талашууга даярЮНЕСКО VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына расмий патронаж бердиКадамжай районунда «Анхор» каналын оңдоо иштери аяктап, дыйкандарга суу бериле баштадыАКШнын Иранга басып кириши. Эксперт глобалдык терроризмдин жаңы доорун божомолдоодоБишкекте жоогазындар фестивалы өтүп жататШКУ Ирандын лидерине аза күтүү белгиси катары желегин түшүрдү
Самат Исабеков кайрадан Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болду
21.01.2022 | 09:05
Самат Исабеков кайрадан Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болду. Бул тууралуу буйрукка министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койду.
Жаңы төраганы жамаатка министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев тааныштырган.
Арзыбек Кожошев Мамлекеттик бажы кызматынын жаңы жетекчисине чоң ишеним артылганын, аны актоо керектигин белгиледи.
Исабеков буга чейин бажы кызматын жетектеп келген. Ал 2021-жылдын октябрында өз каалоосу менен кеткен. Аны менен бирге анын орун басарлары Кыялбек Мукашев менен Кубаныч Шатемиров кызматтан кетүү тууралуу арыз жазышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат