БШК Орозайым Нарматованы депутаттык мандатынан ажыратты

БШК Орозайым Нарматованы депутаттык мандатынан ажыратты

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованы каттоону жокко чыгарды. Мындай чечим БШКнын жыйынында кабыл алынды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Нарматованын жогорку билими тууралуу мыйзамсыз алган диплому бар деп эсептейт. Комитет бул боюнча материалдарды БШКга жөнөткөн. Кошумчалай кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясына Билим берүү министрлигинин корутундусу келген.

Ошондой эле, Нарматова окуган окуу жайдын ректору депутаттык дипломду жокко чыгаруу боюнча буйрукка 19-январда кол койгону БШКнын комиссиясына белгилүү болду.

Айта кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын аталган окуу жайга мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча Жалал-Абад университетинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду.

Жогоруда айтылгандардын негизинде БШК Орозайым Нарматованы депутаттыкка каттоону жокко чыгаруу чечимин кабыл алды, анткени мыйзамга ылайык эл өкүлү жогорку билимдүү болушу милдеттүү талап.

БШКнын чечимине каршы Орозайым Нарматова сот аркылуу талаша алат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>