Бишкекте баңгизат таратууга шектелип 19 жаштагы жигит кармалдыОш облусунун экс-губернатору кармалып, СИЗОго киргизилдиУлуттук тарых музейинде Улуу Ата Мекендик согушту эскерүүгө арналган көргөзмө ачылдыМамлекеттик органдарга каттарды кагаз түрүндө кайталоону токтотуу сунушталдыДастан Бекешев кыймылсыз мүлк менен болгон келишимдерге өзүнө-өзү тыюу салууну киргизүүнү сунуштадыМанас шаарында эл аралык китеп фестивалы өтөт
Бишкек-Ош жолунда жол кырсыктан бир адам каза болду
24.01.2022 | 14:20
Бишкек-Ош жолунда жүргүнчү ташыган кичи автобус менен “Жигули” үлгүсүндөгү жеңил унаа кагышып, бир адам ошол жерден каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Кырсык аталган жолдун 384-чакырымында болгон. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаадагы Токтогул районунун тургуну 37 жаштагы Т.М. мерт кеткен.
Mercedes-Benz Sprinter унаасында тогуз жүргүнчү болгон. Алардын төртөө жеңил жана орто деңгээлдеги жаракаттарды алып, Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом