Ленин райондук милициясы Аида Салянованын билдирүүсүнө жооп берди

Ленин райондук милициясы Аида Салянованын билдирүүсүнө жооп берди

Ленин райондук ички иштер башкармалыгы мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын милиция кызматкерлери митингге чыккан эки адамды сабады деген кайрылуусуна жооп берди.

ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2022-жылдын 24-январында саат 00:05 чамасында Чүй проспектиси менен Бейшеналиева көчөсүнүн кесилишине жакын жерде белгисиз адамдардын ортосунда чыр чыгып, ал мушташка айланган. Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун кызматкерлери коомдук тартипти бузгандарды Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын шаардык 1-бөлүмүнө алып келишкен.

Бул факт Ленин районунун электрондук журналына катталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жарандар Ш.Н. жана Н.А., Калык Акиев-Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде болуп, Т.С.нын денесине залал келтиришкен. Андан ары жаран Т.С., Чүй проспектиси менен Бейшеналиева көчөсүнүн кесилишинен жогоруда аталган адамдардан качып, милиция кызматкерлерине жардам сурап кайрылып, аларды коргоо нөөмөтүндө турган.

Райондук милициянын бөлүмүнө жеткирилген Т.С. жазуу жүзүндө арыз берүүдөн жана соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан. Жеткирилген адамдардан да түшүнүк кат алынып, андан соң алардын баары дароо бошотулган.

Учурда катталган материалды текшерүү иштери жүрүп жатат.

Аида Салянова: Митингден кийин эки кишини милиция кызматкерлери сабап кетишкен

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>