2030-жылга чейин Чүй облусунун 100 миң тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз болотСүлүктүдө шахта урап, бир кенчи каза болду — ӨКМКытайлык ишкана күн жана шамал электр станцияларын курууга 1 млрд доллар инвестиция салууга кызыкдарДанияр Токтотемиров: «Өлүк жандар» тирилүүдөЭртең Бишкекте фонтандар сезону ачылатКытай менен чек арадагы көзөмөл-өткөрмө пункттары майрам күндөрү убактылуу жабылат
Омикрон: Кош бойлуу аялдын дене табынын көтөрүлүшү кооптуубу?
17.02.2022 | 13:50
Кош бойлуу учурда дене табынын 38-39,5 градуска жогорулашына жол бербөө керек. Бул туурасында COVID-19 каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, кош бойлуулуктун үчүнчү триместринде дарыгерлер жогору көтөрүлгөн дене табы менен 37,5 – 38 градуска жеткенде күрөшүүнү сунушташат.
Жогорку дене табы кандай кыйынчылыктарга алып келиши мүмкүн?
- Бойдон түшүп калуу, түйүлдүктүн өспөй калуусуна.
- Кандын илээшкектиги артып, кош бойлуу аялдын жүрөгүнө күч келтирет.
- Аялдын өзүнүн жана түйүлдүктүн клеткаларынын курулуш материалы болгон белок синтезин токтотуу.
- Плацентанын абалына терс таасири, мөөнөтүнөн мурда төрөлүү.
- Борбордук нерв системасынын өнүгүшүнө жана төрөлө элек баланын акыл-эс жөндөмдүүлүктөрүнө терс таасирин тийгизет.
- түйүлдүктүн башка органдарынын өсүшүнүн бузулушу.
Кош бойлуулук учурунда температуранын ар кандай жогорулашы коркунучтуу, анткени бул мезгилде аны түшүрүүчү каражаттарды тандоо чектелген. Ошондуктан, болочок эне өзгөчө кылдаттык менен ден соолугуна көз салып, алдын алуу чараларын (беткап тагынуу, аралыкты сактоо, кош бойлуулуктун 22-жумасынан кийин эмдөөдөн өтүү) сактоосу керек.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар