Чүйдө «Портердин» айдоочусу терезеден 17 жаштагы кызга жыныстык мүчөсүн көрсөткөн

Чүйдө «Портердин» айдоочусу терезеден 17 жаштагы кызга жыныстык мүчөсүн көрсөткөн

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы социалдык тармактарда жана айрым маалымат агенттиктеринде Ысык-Ата районунда Hyundai Porter үлгүсүндөгү унааны айдап бараткан жарым жылаңач адам 17 жаштагы кызга кылган жоругу тууралуу маалыматка жооп кайтарды.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, чындыгында эле жүк ташуучу унаанын айдоочусу белгисиз адамга чара көрүүнү суранган жергиликтүү тургундун арызы бар.  Айдоочу көчөдө уятсыз иштерди жасаган, тактап айтканда, унаа айдап баратып терезени ачып, 17 жаштагы кызга жыныстык мүчөсүн көрсөткөн.

Арыз Ысык-Ата райондук милициянын электрондук журналына катталып, такталып жатат. Ысык-Ата РИИБнин кызматкерлери тарабынан жогоруда аталган адамдын өздүгү аныкталып, тергөө кызматына өткөрүлүп, унаа айып жайга камакка алынган.

Учурда бул материал боюнча керектүү текшерүүлөр жүрүп, анын жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоо маселеси чечилет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>