Жүк ташыгандарга QR-кодду электрондук эсеп-фактура талап кылынат

Жүк ташыгандарга QR-кодду электрондук эсеп-фактура талап кылынат

Кыргызстандын жүк ташуучуларында товарларды Казакстантандын аймагына жана ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоодо ташылуучу товарга карата QR-коду менен басып чыгарылган электрондук эсеп-фактурасы болушу керек. Бул туурасында Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, QR-коду менен басып чыгарылган электрондук эсеп-фактуранын болушу автотранспорт каражаттарына Казакстандын мамлекеттик киреше комитети тарабынан контролдук-текшерүү иш-чараларын өткөрбөстөн маршрут боюнча жүрүүгө мүмкүндүк берет. Бирок ал жок болгон учурда, багыттоо пунктунда тиешелүү контролдук иш-чаралар жүргүзүлөт.

Мындай чечим Алматы шаарында өткөн Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча жумушчу топтун 1-отурумунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>