Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
“Манас” аэропортунун кызматкери пара менен кармалды
18.03.2022 | 14:00
“Манас” аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунун ага адиси, ага лейтенант К.К.К. кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.
Маалыматка караганда, 17-март күнү ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарында Кытай жаранынан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып 3000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылып, 100 000 сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен чек ара кызматынын кызматкери, ага лейтенант К.К.К. кармалды.
Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар