Эрнст Акрамовдун шаардын борборунда батири бар

Эрнст Акрамовдун шаардын борборунда батири бар

Эрнст Акрамовдун шаардын борборунда батири бар. Бул тууралуу атактуу хирург, профессор Эрнст Акрамовдун ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо боюнча топту жетектеген Галина Куликова билдирди.

Аталган топ хирургду саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевден коргоону көздөөдө.

Министр Эрнст Акрамовдун жашаганга жери жок экенин, ооруканада калууга уруксат берип жатканын айтып, анын атын атагандан кийин, социалдык тармактарда дарыгердин ар-намысын коргоо үчүн топ чогулду.

«Министр Акрамовду улутчулдук, сексуалдык асылуу үчүн айыптоодо. Ал жашай турган жери жок дейт. Социалдык тармактарда Акрамовду баш калкалоого, убактылуу турак-жай менен камсыздоого жана ага акча чогултууга даяр экенин жазышууда. Акрамовдун батири бар. Ал эч нерсеге муктаж эмес. Бактыга жараша, телефону бар, телевизор көргөнгө убактысы жок, интернетке кире албайт жана мунун баарын билбейт. Биз ага эч нерсе айтпайбыз. Биз аны коргойбуз. Ал буга чейин эки жолу инфаркт болгон. Мунун баарын билип, ага бир нерсе болуп кетсе, Бейшеналиевдин абийиринде болот», — дейт Галина Каликова.

Анын айтымында, Акрамов операциядан улам бүгүнкү маалымат жыйынына келе алган жок.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>