Жашоо кымбаттады: Кыргызстанда жашоо минимуму 8,7 миң сомго жеттиКыргызстандык жаштар Финансылык коопсуздук боюнча эл аралык олимпиада ийгилик жаратыштыКыргызстандык аскерлер Өзбекстанда «Бирлик-2025» машыгуусуна катышатБалыкчыда 13 жаштагы кыздын жансыз денеси табылдыСоода өнөр-жай палатасы шанхайлык ири ишкананын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдүКыргызстанда 4 баллдык жер титирөө катталды
“Кайырчы” рейди: Жалал-Абад шаарында 37 лөлү кармалды
18.03.2022 | 16:34
Бүгүн, 18-мартта Жалал-Абад шаарында 37 лөлү кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Шаардык милиция кызматкерлери жүргүзгөн «Кайырчы» аталышындагы рейд учурунда көчө бойлоруна, көпүрөлөргө, жер өтмөктөргө туруп алышып, жол тыгындарын жана жарандарга ыңгайсыздык жараткан 37 лөлү табылган. Алардын арасында 7 жаш бала да болгон.
Кармалгандар Жалал-Абад ШИИБне жеткирилип, манжа издери алынган. Тактоо учурунда алардын көпчүлүгү Ош облусунун ар кайсы аймагынан келишкени белгилүү болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом