Бишкек-Нарын жолу ачыла элек (ВИДЕО)

Бишкек-Нарын жолу ачыла элек (ВИДЕО)

18-март саат 12:00гө карата Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолуна түшкөн кар көчкүнүн 19 170 м3 көлөмү тазаланды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалым болгондой, 17-март күнү саат 10:30дар чамасында Бишкек – Нарын –Торугарт унаа жолуна кар көчкү түшүп, каттам токтогон болчу. Унаа жолдун 294-чакырымы (Долон ашуусу) жалпы көлөмү болжол менен 225 000 м3 кар көчкү түшүп, анын 47000 м3 көлөмү жолго түшкөн.

Ал эми жолдун 296-чакырымында болжол менен 900 000 м3 кар көчкү түшүп, анын 38 250 м3 көлөмү жолго түшкөн.

Түшкөн кардын бийиктиги 15-20 метр, узундугу 200-250 метрди түзөт.

Такталган маалыматка ылайык, жабыркагандар жок. Учурда жол убактылуу жабык, тазалоо иши жүрүүдө.

Жерине Өзгөчө кырдаалдарминистрлигинен атайы унаасы менен 25 куткаруучу, 2 жүктөгүч, ЖТИден 9 жүктөгүч, 1 Isuzu үлгүсүндөгү кар түртүүчү техника тартылган.

Ошондой эле Нарын районунун акими жетектеген Жарандык коргонуу комиссиясы, КР ӨКМнин Нарын облустук башкармалыгынын башчысы жетектеген ыкчам топ, Нарын райондук ӨК бөлүмүнүн башчысы, КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин кызматкери барган.

Жогору аталган унаа жолдун 250-чакырымында (Сары-Булак тилкеси) жана 300–чакырымында (Бейше-Булак тилкеси) ИИМдин жол кайгуул кызматкерлери тарабынан нөөмөт уюштурулган.

Анда жылытуучу пункттар уюштурулуп тамак-аш, керектүү каражаттар менен камсыздап жатышат.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>