Жазаларды аткаруу кызматы иш учурунда майып болгон кесиптештерине соцпакеттерди беришти

Жазаларды аткаруу кызматы иш учурунда майып болгон кесиптештерине соцпакеттерди беришти

Бүткүл дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнүнө карата өкмөттүн токтомуна ылайык, Кыргызстанда кайрымдуулук иштердин бир айлыгы өтүүдө. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдирди.

Бул демилгеге ылайык, бардык министрликтер жана ведомстволор 20-февралдан 20-мартка чейин жарандардын социалдык жактан аялуу категорияларына ар тараптуу материалдык жардам көрсөтүшү керек.

Акцияга Кыргызстандын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматы активдүү кошулду. Тактап айтканда, ЖАКнын Борбордук аппаратында кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда майып болгон дээрлик отузга жакын кесиптештерге, ошондой эле кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүү чечими кабыл алынды. Бул максатта аларга абдан зарыл болгон тамак-аш пакеттери берилди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>