ШКУ деген эмне жана ал катардагы кыргызстандыкка эмне берет?Кыргызстан менен Кытай түбөлүк ынак коңшулук жана достук жөнүндө келишимге кол коюштуТогонун Министрлер Кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе Кыргызстанга келдиБишкек менен Астананын ортосундагы соода мамилелеринде оң динамика байкалды«Ал үчүн жаныбызды берүүгө даярбыз»: Медеткан Шеримкулов — Кыргызстандын эгемендүүлүгү тууралууКөчмөндөр оюндарына билет сатабыз деп алдамчылык кылган шектүүлөр кармалды
“Кайырчы” рейди: Жалал-Абад шаарында 37 лөлү кармалды
18.03.2022 | 16:34
Бүгүн, 18-мартта Жалал-Абад шаарында 37 лөлү кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Шаардык милиция кызматкерлери жүргүзгөн «Кайырчы» аталышындагы рейд учурунда көчө бойлоруна, көпүрөлөргө, жер өтмөктөргө туруп алышып, жол тыгындарын жана жарандарга ыңгайсыздык жараткан 37 лөлү табылган. Алардын арасында 7 жаш бала да болгон.
Кармалгандар Жалал-Абад ШИИБне жеткирилип, манжа издери алынган. Тактоо учурунда алардын көпчүлүгү Ош облусунун ар кайсы аймагынан келишкени белгилүү болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом