Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Эми 5 жылдык эмгек стажың жок болсо пенсияга чыга албай калышың ыктымал
11.04.2022 | 10:55
Эми 5 жылдан ашык эмгек стажысы жок жарандар пенсияга чыга албайт. Минималдык эмгек стажыны киргизели деп жатабыз. Мындай пикирин Социалдык фондун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева Жогорку Кеңеште пенсиялык тутумдагы реформалары боюнча айтып берип жатып билдирди.
“Минималдык эмгек стажыны киргизели деп жатабыз. Эмнеге? Азыркы учурда бир жылдык эмгек стажың болсо деле пенсияга чыга бересиң. Мындан улам эмне себептен пенсиям аз деген даттануулар жаралууда. Ошол себептен 5 жылдан 20 жылга чейин киргизели деп жатабыз. Бир жылдан, бир жылдан стажыны карап отуруп өзгөртүүлөргө барабыз. Минималдык стажы боюнча бардык мамлекеттерде бар. Бизде жок”-деди.
Ушул тапта пенсиялык системаны реформалоо боюнча парламенттик угуу болуп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат