Эми дыйкандарды пенсияга чыгаруу эрежеси катаалданат

Эми дыйкандарды пенсияга чыгаруу эрежеси катаалданат

Эми дыйкандар ишкерлердей эле соцфондго акча төгүп турушат. Бул туурасында Социалдык фондун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева Жогорку Кеңеште пенсиялык тутумдагы реформалары боюнча парламенттик угууда айтып берди.

“Буга чейин айыл-чарба товар өндүрүүчүлөрүнө Соцфонд ар кандай методдорду колдонуп көрдү. Тарифтерин көбөйтүп да көрдү. Тилекке каршы, соцфондго төгүмдөрүн көбөйткөнгө бара алышкан жок. Бул маселени чечпесек, башка сектордогу пенсионерлердин шыктануусу жоголуп бара жатат. Ошондуктан муну биротоло чечүү үчүн төмөнкү кадамдарга баралы деп жатабыз. Маселен, өзүнүн 1 гектар же андан ашык үлүш жери болсо аны жеке ишкерге теңеп, жеке ишкердей соцфондго төлөйт. Ал эми бир гектарга чейин үлүш жерлери барларга ыктыярдуу түрдө төлөсө болот. Төлөгөндөрү пенсиясын алат, төлөбөгөнү жашы жеткендиги үчүн пособие алат. Эгерде төлөйм десе, “Дыйкандардын пенсиялык фонду”- деген түзүлөт.  Башкаларга аралаштырылбайт дагы өзүнчө учетко алынат. Эгерде бир гектардан ашыгыраак жери болсо анда ал ыктыярдуу төлөсө болот. Орто эмгек акыдан 3 пайыз болот. Орто эсеп менен жыл сайын 400 сомдон болот. Жыл сайын эмгек акы өскөн сайын өсүп турат. Ошондо жок дегенде пенсиясынын 15 пайызын өзү табат — деди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>