Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Кыргызстанда акыркы аптада коронавирустан адам өлүмү катталган жок
11.04.2022 | 10:41
Кыргызстанда бир жумада, тагыраагы 5-апрелден 11-апрелге чейин, коронавирустан адам өлүмүнүн учурлары катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Өткөн аптада, 28-марттан 4-апрелге чейин, COVID-19 илдетинин кесепетинен адам өлүмүнө алып келген 6 учур катталган.
Коронавирус пандемиясы башталгандан бери илдетти өлкөдө 200 970 адам жугузган.
Каза болгондордун саны – 2991 адам.
Туруктуу эпидемиологиялык кырдаалга карабастан, Кыргызстан COVID-19ду жеңгенин айтууга эрте. Дүйнөдө пандемия бүтө элек, өлкөгө коронавирустун жаңы штаммдарын алып келүү коркунучу бар.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом