Кыргызстандын 200 жараны Германияда иштегенге мүмкүнчүлүк алышат

Кыргызстандын 200 жараны Германияда иштегенге мүмкүнчүлүк алышат

Кыргызстандын 200 жараны Германияда иштегенге мүмкүнчүлүк алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргенин «Марал» жазды.

Кечээ, 16-майда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев менен Германияда ишке орношууга мүмкүнчүлүк берген EDUVISO программасынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлган.

Келишимге Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы чет өлкөдөгү жарандарды ишке орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков менен программанын жетекчиси Свобода Торстендин ортосунда кол коюлду.

Келишимдин алкагында Кыргызстандын жарандарына «медайымдык иш» адистиги боюнча Германияда андан ары ишке орноштуруу менен Кыргызстандын программа менен аккредиттелген окуу жайларында окуудан өтүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

11-класстын бүтүрүүчүлөрү, ошондой эле 35 жашка чейинки бардык каалоочулар бул программага катышуу үчүн кайрылып, маектешүүдөн өтө алышат.

Жыйынтыгында тандоодон өткөн талапкерлер Германияда жумушка орношо алышат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>