Ош шаарында «Балажан» бала бакчасынын имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу түштүк борбордун мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемеси Курманжан-Датка МТУнун Түштүк-Чыгыш кичи районунда жайгашкан. Имарат 120 орунга ылайыкталган.
График боюнча имарат 9 айда пайдаланууга берилиши керек.
«Подрядчы «СК-Лидер» ЖЧК курулуш компаниясы объектти быйыл пайдаланууга берүү аракетин көрүүдө», — деп кошумчалады мэриядан
Эске салсак, тендер апрель айында жарыяланган. Курулушка 106 миллион 737 миң 379 сом каралган.