“Кустуризация” жокко чыгабы? Депутат чириген байлыгы бар чиновниктер тууралуу  

“Кустуризация” жокко чыгабы? Депутат чириген байлыгы бар чиновниктер тууралуу  

Бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбооруна жана “жеке жактардын активдерин ыктыярдуу декларациялоо жана мунапыс берүү жөнүндө” айрым мыйзам актыларына өзөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында депутат Камила Талиева аталган мыйзам долбоор мыйзамсыз жол менен байыган мамлекеттик кызматкерлерге мүлкүн легалдаштырып алууга шарт түзүлөрүн айтып: “мыйзам долбоордун шөкөттөлгөн жашыруун жактары дагы ачыкка чыгып жатат. Бул мыйзам долбоору аркылуу “кустуризация” темини жокко чыгабы?”, — деген суроо узатты.

Жыйында баяндама жасаган юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков: “Эгерде декларант мүлкүн декларацияга киргизе турган болсо, анда жокко чыгат”, — деп жооп берди.

“Бир ишканасы же байлыгынын булагы жок адамдар, мисалы Бажы кызматында, сотто, прокуратурада бир нече жылдан бери иштеп жүргөн чириген байлар бар. Алар киреше булагын ачыктабай жүрүшөт дейли. Азыр жашыруун эмес, бажычылар хан сарайларда жашашат. Соттор эки жылда чирип байып калат. Бирок, алардын бир дагы ишканасы же бизнеси жок. Мындан улам алар мамлекеттик казынага 1 млн сом төлөп коюп, байлыгын ачыкка чыгарып жашай береби?”, — деп сурады депутат.

Ал эми Орозбек Сыдыков депутаттын оюу туура экенин айтып: “Бул мыйзам долбоор толугу менен жарандарга багытталган. Байлар салык аркылуу же акча каражаттары аркылуу экономикага пайда алып келет. Активдин түрүнө карабастан бардыгы легалдаштырылат”, — деди ал.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>