Бишкекте тартипке 24/7 режиминде көз салынууда — ШИИБдин борбору кантип иштейтБорбор Азия мамлекеттери аймактын глобалдык позициясын талкуулаштыОрмуз кысыгы кайрадан жабылды — ИРСК каалаган кемеге сокку уруларын эскерттиЖол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкеринин абалы тууралуу эмне белгилүү?КМШнын ТИМ башчылары биргелешкен космос программаларын өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташтыСадыр Жапаровдун TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү менен жолугушуусу кандай өттү — кенен маалымат
Бишкек мэриясы Мадрид менен тажрыйба алмашууга кызыкдар
24.06.2022 | 15:19
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Испания Королдугунун Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Хорхе Урбиола Лопес де Монтенегро мырза менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек менен Испаниянын шаарларынын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн талкуулашты.
Мэр Бишкек шаарынын мэриясы менен Мадрид шаарынын мэриясынын ортосунда тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирди.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом