Чек арада стоматологиялык имплантаттарды мыйзамсыз алып кирүү аракети токтотулдуКыргызстанда тоолуу аймактарды өнүктүрүүгө багытталган жаңы эл аралык долбоор ишке кирүүдөӨКМ: Өрт коопсуздугу ар бир жарандын жоопкерчилигиндеАКШ Орусиянын эки ири мунай ишканасын санкциялык тизмеге киргиздиӨлкөдө күйүүчү майдын запасы айдын аягына чейин жетет, баа 15%га чейин кымбатташы мүмкүнАдылбек Касымалиев: Туризм экономикага туруктуу салым кошо баштады
Май айында кыргызстандыктар үчүн ипотекалык насыялар кымбаттады
28.06.2022 | 11:41
Май айында кыргызстандыктар коммерциялык банктардан улуттук валютада 526 миллион 831,1 миң сомго ипотекалык насыя алышкан. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Бир ай мурункуга салыштырмалуу коммерциялык банктар тарабынан берилген турак жай кредиттеринин жалпы көлөмү 38,77%га азайган. Бирок алар боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чен, тескерисинче, 11,43%дан 13,5%га чейин өстү, тактап айтканда, алар 18,1%га кымбаттады.
Белгилей кетсек, эгерде жылдык мезгилди караганда, ипотека 7,2% га төмөндөдү.
Мында коммерциялык банктардагы турак жай кредиттери боюнча эң төмөнкү пайыздык чендер үстүбүздөгү жылдын март айында катталган – 8,09%. Анда кыргыз эли 911 миллион 74,4 миң сомго ипотека алган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика