Кабминде социалдык коргоо тармагындагы негизги көйгөйлөр белгилендиКазакстандагы жол кырсыгынан кыргызстандык жаран каза болдуБишкекте Улуттук педагогикалык форум өтүүдө«Кыргыз керемети» жана «Мосфильм»: кадр артында калган окуяларКыргызстанда 8 райондо суу менен камсыз кылуучу райондук ишканалар түзүлөтКыргызстанда социалдык кызматкерлердин айлык акысы 40 миң сомго чейин көтөрүлдү
Май айында кыргызстандыктар үчүн ипотекалык насыялар кымбаттады
28.06.2022 | 11:41
Май айында кыргызстандыктар коммерциялык банктардан улуттук валютада 526 миллион 831,1 миң сомго ипотекалык насыя алышкан. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Бир ай мурункуга салыштырмалуу коммерциялык банктар тарабынан берилген турак жай кредиттеринин жалпы көлөмү 38,77%га азайган. Бирок алар боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чен, тескерисинче, 11,43%дан 13,5%га чейин өстү, тактап айтканда, алар 18,1%га кымбаттады.
Белгилей кетсек, эгерде жылдык мезгилди караганда, ипотека 7,2% га төмөндөдү.
Мында коммерциялык банктардагы турак жай кредиттери боюнча эң төмөнкү пайыздык чендер үстүбүздөгү жылдын март айында катталган – 8,09%. Анда кыргыз эли 911 миллион 74,4 миң сомго ипотека алган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика