Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Алымкадыр Бейшеналиевдин үй камагындагы мөөнөтү узартылды
28.06.2022 | 16:34
Алымкадыр Бейшеналиевдин үй камагындагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Кайсын Абакиров Фейсбуктагы баракчасына билдирди.
Анын айтымында, бүгүн борбор калаанын Биринчи Май райондук соту Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчисинин баш коргоо чарасын 18-августка чейин үй камагына узартты.
Эске сала кетсек, Башкы прокуратура саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата жети кылмыш ишин козгогон. Бир кылмыш иши коррупция беренеси боюнча, экөө пара талап кылуу, төртөө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана атайылап пайдасыз келишим түзүү беренелери боюнча козголгон.
Бейшеналиев саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетилген.