«Манас» аэропортунда 31-август жана 1-сентябрдагы каттамдарга айрым чектөөлөр киргизилетКыргызстандагы мектептерде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жекече окутуу программалары киргизилетЧычкан, кир бөлмө, жашыруун төлөм: Ысык-Көлдө эс алуу жайын тандоодо эмнеге көңүл буруу керек?Ысык-Көлдө театр сүрөтчүлөрүнүн эл аралык лабораториясы өтөтБишкекте 2026-жылга пландалган 136 жолдун 68и реконструкцияландыКР УКМК бийликти басып алууга чакырык жасаган Threads’тин дагы бир колдонуучусун кармады
Алымкадыр Бейшеналиевдин үй камагындагы мөөнөтү узартылды
28.06.2022 | 16:34
Алымкадыр Бейшеналиевдин үй камагындагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Кайсын Абакиров Фейсбуктагы баракчасына билдирди.
Анын айтымында, бүгүн борбор калаанын Биринчи Май райондук соту Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчисинин баш коргоо чарасын 18-августка чейин үй камагына узартты.
Эске сала кетсек, Башкы прокуратура саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата жети кылмыш ишин козгогон. Бир кылмыш иши коррупция беренеси боюнча, экөө пара талап кылуу, төртөө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана атайылап пайдасыз келишим түзүү беренелери боюнча козголгон.
Бейшеналиев саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетилген.