Нарындын эки тургуну “Йакын Инкар” экстремисттик уюмунан чыкты  

Нарындын эки тургуну “Йакын Инкар” экстремисттик уюмунан чыкты  

УКМК тарабынан Нарын жана Ат-Башы райондорунда диний экстремистик жана эл аралык террордук уюмдардын, анын ичинде “Йакын Инкар” диний экстремисттик агымынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин алдын алуу максатында, профилактикалык түшүндүрмө иш чаралары өткөзүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Т.Ж.Ж жана М.Т.К аттуу жарандары “Йакын Инкар” диний экстремистик агымынын радикалдык идеяларын жергиликтүү эл арасында таратып, андан тышкары, жаңы мүчөлөрдү “Йакын Инкар” агымынын жер-жерлердеги түзүмдөрүнө мүчө катары тартышканы аныкталган.

Ушуга байланыштуу, улуттук коопсуздук органдары жергиликтүү тургундар менен биргеликте  Т.Ж.Ж жана М.Т.К жарандарына профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жыйынтыгында, алар катачылыгын, мыйзамсыз диний экстремисттик уюмдардын, агымдардын терс залакасын тийгизген иш аракеттерин баамдап, өз каалоолору менен бул иш аракеттерден баш тартышты.

УКМК экстремизм жана терроризм кыймылдарына каршы, алдын алуу максатында иш чараларын тынымсыз жүргүзүүдө.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>