Чүйдө июнь айында уурулук кылган 4 жаран кармалды

Чүйдө июнь айында уурулук кылган 4 жаран кармалды

Москва районунда милиция кызматкерлери “Ууру” аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүштү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, рейд 24-26-июнь күндөрү өтүп, ага Москва РИИБдин 70тен ашык кызматкери жана эки милициянын көчмө кабылдамасы тартылган.

Профилактикалык жана рейддик иш-чаралардын алкагында милиция кызматкерлери тарабынан мурда соттолгон 200дөн ашык жаран текшерилип, уурдалган буюмдарды аныктоо максатында күрөөкана, уюлдук телефон, алтын буюмдарды сатып алуучу жайлар, ошондой эле болжолдуу түрдө сатылган жерлер текшерилген.

Рейддик иш-чаранын жүрүшүндө Москва РИИБдин кызматкерлери тарабынан уурулук, каракчылык, алдамчылык, бейбаштык жана денеге жеңил залал келтирүү менен байланышкан бир катар кылмыштардын да бети ачылып, көрүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан төмөндөгүлөр аныкталган:

-2022-жылдын 11-июнь күнү Садовое айылында жайгашкан дүкөндөн жашыруун түрдө уюлдук телефонун уурдап кеткен 1993-жылы туулган К.Т.

-2022-жылдын 9-июнунда аккумулятор жана курулуш материалдарын жашыруун уурдап кеткен 1999-жылы туулган Д.М.

— 2022-жылдын 15-июнь күнү Сретенка айылында жашы жете элек өспүрүмгө физикалык күч колдонуп, ачык түрдө велосипедди ээлеп алган 1983-жылы туулган А.К.

— 20-июнга караган түнү Беловодское айылынан автоунаанын ичинен аккумулятор жана видеокөзөмөл камерасын уурдап кеткен 1975-жылы туулган С.И., жана башкалар кармалган.

Ошондой эле, рейддин алкагында милиция кызматкерлери тарабынан жергиликтүү тургундарга, дүкөн ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, видеокөзөмөл камераларын орнотуу боюнча да сунуштар айтылды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: уурулук

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>