Улан Ниязбеков: Мыйзам алдында бардыгы ээлеген кызмат ордуна жана атайын наамына карабастан бирдей жоопкерчиликке тартылатКыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешине шайлоодо Сириянын колдоосуна ээ болдуКеминде эркек кишини сабап өлтүрүп кетишти — шектүүлөр кармалды. ВидеоБишкекте унаа ЧЧКга түшүп кетти — айдоочу эмне болду?Садыр Жапаровдун референдум жөнүндөгү долбоору Жогорку Кеңешке киргизилдиБишкекте үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү талкууланды
Жапаров: ККМдин артында айрым депутаттар турат
29.06.2022 | 23:37
Парламентте өкмөт 6 айдын ичинде кылган иштери туурасында маалыматын берип жатып министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ККМдин артында депутаттар тураарын жар салды.
“ККМдин (Көзөмөлдөөчү кассалык машина) артында айрым депутаттар турат. Митинг кылып жаткандардын артында… Мына азыр санариптик технология бар экен. Уламдан-улам бири –бирине чалып “чыккыла, Акылбек Жапаров чыкса жумуртка ыргыталы… тигиндей-мындай кылалы”- деген сөздөрдү угуп эле жатабыз”-деди.
Бийлик ККМ аркылуу салыкка ачык-айкындуулукту жаратып, мамлекеттик казынага көбүрөөк акча түшүрөбүз деп жатышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат