Чырга айланган электр мамы. Төрөбаев менен Таштанбеков кайым айтышты

Чырга айланган электр мамы. Төрөбаев менен Таштанбеков кайым айтышты

Парламенттин жалпы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков  менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев кызыл чеке болуп кайым айтыша кетти. Эки чиновниктин кайым айтышуусун толугу менен окуңуз.

Акбөкөн Таштанбеков:Бакыт Эргешович жанагы электр мамыларды мен өзүм эле коёюн. Сизден сураныч, Ичке-Суу деген айылга 318-маршрттук каттамды 1,5 чакырым эле аралыкка кайрып коюңузчу. Ошол электр мамылар коюлуп жаткан жакта.

Бакыт Төрөбаев: -100 электр мамыдан 99 электр мамы коюлуп, бирөө коюлбай калыптыр… Сиз ушуну “шум” кылып жибердиңиз.

Акбөкөн Таштанбеков: Жок, 150.

Бакыт Төрөбаев: И, эми 149 электр мамы коюлуп, бир мамы коюлбаптыр…

Акбөкөн Таштанбеков: -Жок. Ал электр мамы кулайын деп турат. Ошону эле…

Бакыт Төрөбаев: -Мына сиздин сурамдарыңыздын баарына даярдандым. Ушул жерде өзүңүз айттыңыз, “рахмат, рахмат”-деп. 10 нерсени айтып кеттиңиз, бир нерсени мага тийишип кеттиңиз…

Акбөкөн Таштанбеков:Мен силерден маршрутту эле кайрып берип койгула деп жатам.

Бакыт Төрөбаев: -Маршрутту райондун акими, айыл өкмөт жасайт. Мен жасабайм.

Акбөкөн Таштанбеков: -Министрликке карайт экен. Макул анда, аны деле тим койгула…

Бакыт Төрөбаев: —Сиз мага тийишпеңиз!

Акбөкөн Таштанбеков:Мен сизге тийишкен жерим жок. Маршрутту эле айылга киргизип берип койгула деп атам. Мен айтып атам, өкмөттүн ордуна мен эле электр мамыларды коюп берейин деп жатам.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>