Жети-Өгүздө мектептин завучун окуучулар сабап кетти. Чоо-жайы  

Жети-Өгүздө мектептин завучун окуучулар сабап кетти. Чоо-жайы  

Жети-Өгүз районунун Саруу айылында мектептин 25 жаштагы орун басары окуучулары тарабынан сабалып, ооруканага түштү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 19-июнь күнү Жети-Өгүз РИИБге телефон аркылуу Жети-Өгүз районунун оорукананын тез жардам бөлүмүнөн, денесинен жаракат алып кайрылган жаран жөнүндө малымат түшкөн.

Тергөө ыкчам-тобу барып, ордунан териштирүүдө Саруу айылынын 1997-жылы туулган О.У. арыз менен кайрылган. Арызында 18-июндан 19-июнга караган түнү саат 01:00 чамасында Саруу айылына караштуу орто мектептин окуучулуры сабап кеткендиги жөнүндө билдирген. Натыйжада О.У. алган дене жаракатынан Жети-Өгүз райондук хирургия бөлүмүнө жаткырылып, соттук медициналык экспертиза дайындалган.

Аталган факты Жети-Өгүз РИИБдин  КБРне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-берене (Бейбаштык) 2-бөлүмүнүн 2-пунктунун негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөө-ыкчам  иш-чарасын жүргүзүү учурунда, Саруу айылынын 2005-жылы туулган А.Н., А.Р., И.Т., Т.Ы. жана Т. С. аттуу балдар аныкталып кармалган.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Жети-Өгүз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>